Тарбия, каада, тиричилик. Кыргыз аялдарынын жашоосун көрсөткөн сүрөт баян

Sputnik

Салттуу кийим куп жарашкан кыргыздын мырзалары. Көз кубанткан 15 сүрөт
Буга далил катары Sputnik Кыргызстан агенттиги менен "Кийиз дүйнө" коомдук фонду даярдаган сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Бул сүрөт баяндан тарбия, салт, каада, тиричилик, кыргыз аялдарынын сулуулугу, кийимдери, айтор, баарын көрө аласыздар. Айрымдарын карап отуруп кудум көчмөн турмушка барып калгандай сезимдер болот.

Мында оюнга тое элек секелектерден тарта кол өнөрчүлүк менен алектенген кыз-келин, аял, энелер бар. Ошондой эле Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы менен салттуу кийимдер да ачык, даана көрсөтүлгөн.

 

1 / 15
Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
2 / 15
Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
3 / 15
Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
4 / 15
Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
5 / 15
Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу "өрмөк" деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
6 / 15
Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
7 / 15
Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
8 / 15
Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
9 / 15
Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
10 / 15
Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
11 / 15
Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
12 / 15
Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
13 / 15
Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
14 / 15
Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
15 / 15
Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.