КП ЖК мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Жыйында тараптар эмне деди

Доогерлер парламенттик шайлоонун жылдырылышы бийликти узурпациялоодон кабар берерин айтууда. Ал эми Жогорку Кеңештин өкүлдөрү буга пандемия менен өлкөдөгү кырдаал таасир эткенин билдирип, тараптар кызыл чеке болушту.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку соттун Конституциялык палатасы (КП) парламенттин мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Бул чечим акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт. 

КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө белгиленген. Аталган мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып утулуп калган.

КП кимдердин жүйөсүн укту?

ЖК юристи: референдум өтпөсө депутаттар мөөнөтүн дагы 6 айга узартып алса болот
Конституциялык палата даттануучулар "Реформа" партиясынын төрайымы Клара Сооронкулованын жана жарандар Нурбек Касымбековдун, Таалайбек Усубалиевдин, Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн жүйөсүн укту. Ошондой эле президенттик аппарат менен Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү дагы позициясын айтты.

КПга арыз берген Сооронкулова Жогорку Кеңеш Конституциялык мыйзамды коомдук талкууга дагы койбой, бир сааттын аралыгында үч окуудан өткөрүп салганын белгиледи. Ал азыркы парламент легитимсиз отурат деген пикирде.

"Парламенттин мөөнөтүн узартууга пандемияга байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал режими күчүндө экени жүйө келтирилген. Эгер андай болсо 4-октябрда парламенттик шайлоо эмнеге өттү? Кантип президенттик шайлоо, референдум өткөрөбүз деп жатышат? Тескерисинче, парламенттик шайлоону биринчи өткөрүш керек эле. Жогорку Кеңештин депутаттары өз укуктарынан аша чаап кетти", — деди Сооронкулова.

Парламенттик шайлоону жылдыруу абалды турукташтырды

Жоопкер катары келген Жогорку Кеңештин өкүлү Камила Бейшенбек кызы доогерлердин даттануусун четке кагууну өтүндү.

Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды
"Бул мыйзам өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, тартипти, коопсуздукту сактоо жана социалдык-экономикалык кырдаалды жайгаруу үчүн кабыл алынды. Пандемия маалында тынымсыз митингдердин өтүшүнөн көп адамдын ден соолугуна зыян келип, башаламандыктар токтобойт болчу. Бюджет дефицит болуп, парламенттик шайлоого каражат дагы табылбай жаткан. Ал мыйзам бийликти узурпациялоого багытталган эмес. Андыктан доогерлердин кайрылуусун канааттандырбоону өтүнөм", — деди ЖК юристи.

Ошондой эле ал 22-октябрда мыйзам демилгеленип, ошол эле күнү коомдук талкууга коюлуп, экспертизадан өтүп, комитеттерден колдоо таап, жалпы жыйында үч окууда кабыл алынганын моюндады.

Сооронкулова мыйзам жок дегенде коомдук талкууда бир күн турушу керектигин айтканда, ЖКнын дагы бир өкүлү Максат Орозбек уулу парламенттин сайты хакердик чабуулга туш болгондуктан эртерээк чыгарууга мүмкүн болбогонун билдирди.

Элдин талабы...

Андан соң Сооронкулова эмне үчүн президенттик шайлоо менен референдумга табылган каражат парламенттик шайлоого табылбай жатканын таң калуу менен сурады.

"5-6-октябрда митингге чыккан элдин талабы Конституциялык реформа жүргүзүү болгон. Ошондуктан референдумдан кийин парламенттик шайлоо өткөрүү каралган. Шайлоо сөзсүз түрдө июнда эмес, андан эрте да болушу мүмкүн", — деди Бейшенбек кызы.

Деген менен Сооронкулова эл шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн митингге чыкканын айтып өттү. Ал эми жалпы элдин талабы экени кандай жол менен аныкталганы боюнча суроого ЖКнын өкүлү жооп бере алган жок.

ЖК оюн эрежесин өзгөрттү. Венеция комиссиясы шайлоонун жылдырылышына кабатыр
Даттануучулардын бири Нурбек Касымбекова: "Эгер Конституциялык реформа 2021-жылдын июнь айына чейин бүтпөсө, ЖК мөөнөтүн дагы алты айга узартып алышы мүмкүнбү?" — деп сурады. Ага Бейшенбек кызы "ооба, мөөнөтүн дагы узартып алса болот" деп жооп берди.

Президенттик аппараттын өкүлү Таштанбек Чилдебаев судьялардан даттануучулардын кайрылуусун канааттандыруудан баш тартууну суранды.

Ал эми БШКнын юристи Адилет Шаршеналы уулу алгач парламенттик шайлоо 20-декабрга дайындалганын, бирок сот ал токтомду жокко чыгарганын маалымдады.

Референдум болсо шайлоо мыйзамдарын дагы өзгөртүү керек

Аягында жыйынтыктоочу сөз берилип, Клара Сооронкулова жоопкер тараптан ынанымдуу жооп ала албаганын айтты.

"Азыр күлүшүмдү же ыйлашымды билбей турам. Шайлоону жылдыруу зарылчылыгы боюнча мени ынандыра турган бир дагы жүйөлүү аргумент уккан жокмун. Эгер биз пандемия жана өзгөчө кырдаалга таянып баарын жасай берсек, укуктук башаламандыкка кептелебиз. Азыр бийликти узурпациялоо процесси жүрүп жатат. Бул иштерге каршы тура алган, жападан жалгыз күч — Конституциялык палата", — деп көз жашын тыя албай калды Сооронкулова.

Мындан улам башкалар жыйынтыктоочу сөзүн айтып бүткөндөн кийин ал кайра чыгып сүйлөдү. Даттануучунун айтымында, эгер референдум өтүп, жарымын бир мандаттуу система менен тандоо кабыл алынса, шайлоо мыйзамдарын дагы өзгөртүүгө туура келет. Муну менен парламенттик шайлоо күзгө чейин созулуп кетиши ыктымал.

Андан соң судьялар кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетип, беш сааттан кийин келди.

Отурумга КПнын төрагасы Карыбек Дүйшеев жетекчилик кылып, жети мүчөсү (судьялар) катышты:

  • Эмил Өскөнбаев;
  • Жедигер Саалаев;
  • Мээргүл Бобукеева;
  • Латип Жумабаев;
  • Мукамбет Касымалиев;
  • Кырккелди Кыдырбаев;
  • Жамил Шаршеналиев.

Венеция комиссиясы артын салабы?

Буга чейин Конституциялык палата Венеция комиссиясына дал ушул жагдай боюнча кайрылып, жооп алган.

Комиссиянын корутундусунда азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаны жүргүзө албай турганы белгиленген. Ошондой эле конституциялык мыйзам токтоп, шайлоонун мөөнөтү жылдырылганына жана демократиялык оюндун эрежелери бузулганына кабатырланган.