Казакстандык бодибилдер акыры секс куурчагы менен баш кошту. Сүрөт, видео

Нур-Султан шаарында жашаган спортчу көптөн бери Марго аттуу куурчак менен кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, былтыр колун сураган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Казакстандык режиссёр жана бодибилдер Юрий Толочко бир жарым жылдан бери чогуу "жашап" жүргөн Марго аттуу секс куурчагы менен баш кошту. Бул тууралуу ал Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Той ресторанда өткөн. Үйлөнө турчу жигит кадимкидей эле костюм-шым, колукту ак көйнөк кийген. Жаштарды куттуктаганы ондогон киши келгенин байкоого болот. Юрий "кыздын" колуна шакек салып, жайыраак бий аткарышкан.

Белгилей кетсек, Нур-Султан шаарында жашаган бул адам көптөн бери Марго аттуу куурчак менен кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, былтыр анын колун сураган. Үйлөнүү тоюн бир нече жолу пландап, бирок пандемияга байланыштуу жылдырган болчу.

Өзүнүн айтымында, биринчиден, ал мындай жол менен өзүн жаңы ролдо сынап көргүсү келген. Экинчиден, коомдун кандай кабыл аларына кызыккан.