Дастан Дүйшекеев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө жетекчи болду

Өлкөнүн тышкы саясатын тескөө милдетин мойнуна алган Дүйшекеев октябрдагы башаламандыктан кийин өкмөттүн маалымат кызматын жетектеп турган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө 33 жаштагы Дастан Дүйшекеев дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирүү тарата элек, бирок расмий сайтында ал бөлүм башчы катары көрсөтүлүп турат.

Президенттин ЖКдагы өкүлү Дыйканбаев иштен алынып, ордуна Калматов дайындалды
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов жана маалымат катчысы Галина Байтеректен комментарий алуу мүмкүн болбой жатат. Ал эми Дүйшекеевдин өзү кызматка дайындалышын тастыктаган да, төгүндөгөн да жок, буга маалымат кызматы гана жооп берерин билдирди.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн буга чейин Данияр Сыдыков жетектеп келген.

Дастан Дүйшекеев октябрдагы саясий башаламандыктан кийин өкмөттүн маалымат кызматын башкарып турган.