Кароосуз калтырган. Марадонанын дарыгери анын өлүмүнө күнөөлөнүп жатат

Учурда дарыгердин үйүндө жана клиникасында тинтүү жүргүзүлүп, Марадонанын оорсуна байланыштуу документтер алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Диего Марадонанын дарыгери Леопольд Луке футболчунун өлүмүнө күнөөлөнүп жатканын РИА Новости Аргентинанын Telam агенттигине шилтеме кылып жазды.

Дарыгердин үйүндө жана клиникасында тинтүү жүргүзүлүп, Марадонанын оорусуна байланыштуу документтер алынган.

Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар
Тергөө ак халатчандын шалаакылыгына жана бейтаптын кароосуз калгандыгына байланыштуу жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Ошондой эле медайым Даяна Гисель Мадрид да суралууда. Ал таңкы 07:30да Марадонанын бөлмөсүнөн кыйналган үн угуп, барып тиешелүү жардам көрсөткөнүн айткан. Бул айткандарынын эми чын-бышыгы аныкталууда.

Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда тараган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болгон.