Жогорку сот Атамбаевге Батукаевдин иши боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Видео

Аталган иштин алкагында Атамбаев Биринчи май райондук соту тарабынан 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку сот кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаевге чыккан өкүмдү жокко чыгарып, райондук сотко кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, аталган иштин алкагында Атамбаев Биринчи май райондук соту тарабынан 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган болчу. Өкүм жайында Бишкек шаардык соту тарабынан каралып, өзгөрүүсүз калган.

Мындан сырткары, аталган иш боюнча соттолгон үч адамдын өкүмү да жокко чыгарылды. Алардын бири мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ал буга чейин 5 миллион сом айыпга жыгылган.

Адвокат Жээнбековдун кабинетинен табылды делген Атамбаевдин видеосун жарыялады
Экинчиси Батукаевге диагноз койду деген дарыгер-академик Абдулхалим Раимжанов. Ал да күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жазаланган эмес.

Үчүнчүсү Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев. Ал да күнөөлүү деп табылып, эки жылга эркинен ажыратылган. Бирок буга чейин тергөө абагында отурган күндөрүн эске алуу менен жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулган. 

Кылмыш иши кайрадан кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.