Кетеринде жөн кетпей... АКШ Иранга сокку урууга камынып жатабы

Дональд Трамп шайлоочулардын коллегиясы Жо Байдендин жеңишин тааныгандан кийин бийликти өткөрүп берүүгө макул болду. Бирок ЖМКлар кетер алдында Иранга согуш ачарын жазып жатышат.
Sputnik

Маалыматтарда баскынчылыкка "өзөктүк келишим" бузулгандан кийин ишин кайра жанданткан өзөктүк программа себеп экени айтылат. Тегеранга кысым көрсөтүүгө америкалыктар Тель-Авивди тартмакчы. Мындай кадам Жакынкы Чыгыштагы абалга кандай таасир этерине РИА Новости сереп салган.

Трамптын сабырсыздыгы

"Дональд Трамп Иранга сокку урууну буюрушу мүмкүн, андыктан Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) баарына даяр болуп турушу керек. Израиль бийлиги Жо Байдендин инаугурациясына чейинки мезгил татаал болорун аңдап түшүнүшү зарыл. Американын кетип жаткан лидери Натанзадагы уранды байытуу боюнча заводду жок кылуу маселесин бир нече ирет көтөргөн", — деп жазды Axios онлайн-басылмасы Израилдеги булактарына таянып.

Байден АКШны Европанын "камчысын чаптырабы"?
Сайтка маалымат бергендер Трамп Тегеранга сокку урууну МАГАТЭнин иран өзөктүк программасынын өнүгүшү боюнча кезектеги отчёту жарыялангандан кийин чечкенин айтып беришти. Анда Ислам Республикасы Биргелешкен аракеттердин планын аткаруудан баш тарткандан кийин өлкөдө курал-жаракка пайдаланылуучу урандын запасы жогорулаганы белгиленет. Трамптын нааразычылыгына чек жок эле, бирок Майк Пенс менен Майк Помпео аны шашылбай турууга көндүрүшкөн. The New York Times гезити америкалык чиновниктер президентке Иранга жасалган сокку абалды чыңалтып жиберерин түшүндүрүшкөнүн жазган.

Америкалыктардын тастыкталган даана планы тууралуу маалымат жок. Бирок Израилде каршылашууга даяр турууга буйрук келгенин моюнга алышты.

Саясатчылар согуш чыгышы тууралуу маалыматтын чын-бышыгын текшергиче Иранда физик Мохсен Фахризаде өлтүрүлдү. Батыштын атайын кызматтары аны "Иран бомбасынын атасы" деп аташчу. Дал ушул адам Ирандын өзөктүк программасын жетектейт деп айтылып келген. Тегеран окумуштуунун өлүмүнө Израилди айыптап, өч алууну убадалады. Ал эми Биньямин Нетаньяхуну ирандыктардын билдирүүсү анчейин санаага салган жок.

Согуш алдындагы түйшүк

Байден "Ачык асманга" кайтабы? 35 өлкө кирген макулдашуунун эртеңи
Иранга сокку уруу кооптуулугу боюнча маалымат ага чейинки окуялар болбогондо, балким, байкалбай деле калмактыр. Мындан бир аз мурун эле АКШ Жакынкы Чыгышка стратегиялык B-52H Stratofortress бомбардировщиктерин орнотту. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы (CENTCOM) аскердик учактар аймакка "агрессияны ооздуктап, союздаштарга колдоо көрсөтүү" үчүн келгенин билдирди.

Вашингтон канча бомбардировщик жөнөтүп, аларды кайсы өлкөгө жайгаштырганын айтып түшүндүргөн жок. Истребителдер азыр былтыркыдай эле Индия океанындагы британиялык аралда жайгашкан Диего-Гарсия авиабазасында деген божомолдор айтылууда.

Көрүнөө да, көмүскө да сүйлөшүүлөр

Ирандын Жакынкы Чыгыштагы улам өсүп бараткан кадыры баарынан да Израилге жакпай турган чагы. Америка-иран эскалациясынан кийин Тель-Авив тынчсыздана баштаган. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху Тегеран америкалыктарга эле эмес, еврей өлкөсүнөн да өч алууга чамынып жатканын божомолдоп, озунуп аракет кыларын эскерткен.

Ирандын таасирин басаңдатууга Перс куймасынын өлкөлөрү да кызыкдар. Саддам Хусейндин режими кулагандан кийин Иракта аймактык лидердин ордун аталган Ислам Республикасы ээлеп алууга ниеттенип, арабдардын тынчын алган. Аятолланын шиит режимин сунниттер кабыл ала албайт эмеспи.

Ирандын аймактагы аброюн төмөндөтүү үчүн араб монархтары 2000-жылдардын ортосунда эле Израиль менен бейрасмий сүйлөшүүнү башташкан. Ачык биригүүгө Палестина маселеси жолтоо болуп турса да тараптар Тегеранга каршы кадамдарын жалпылап, чогуу аракеттенүүгө бел байлашкан болчу.

NYT: Трамп Ирандын өзөктүк объектилерин бомбалоону пландаган
Байкоочулардын баамында мындай ачыкка чыкпаган баш кошууну, айталы, Иордания, Сауд Аравиясы, Бахрейн жана БАЭнин Израиль авиациясы үчүн аба мейкиндигин ачуу сыяктуу аракеттери тастыктаган.

Дональд Трамптын президенттиги жана анын Иранга каршы маанайы араб-израиль байланышын бекемдеп койду. АКШнын 45-президенти Жакынкы Чыгыш көйгөйүнүн баарын "кылым келишими" менен чечип саларын жар салган. Анда аталган маселени "эки мамлекет эки эл үчүн" деген принцип менен чечүү, башкача айтканда, Израиль менен бирге эле дүйнө картасында Палестина да пайда болору каралган.

Мындай демилге араб дүйнөсүндө колдоо тапкан жок. Бирок, перс монархиясынын айтымында, "Жакынкы Чыгыштын баарын кайрадан карап чыгуусуна" шарт түзгөн. Сентябрда Израиль, БАЭ жана Бахрейн америкалыктардын ортомчулугу менен расмий дипломатиялык мамиле курушту. Тараптардын бири дагы мындай өз ара аракеттешүү Иранга каршы туруу үчүн гана жасалып жатканын жашырган жок.

Өзүн араб дүйнөсүнүн лидери деп санаган Сауд Аравиясы Израилден обочолонуп турду. Өлкөлөрдүн бейрасмий байланыштары тууралуу элдин баары кабардар болсо да жогорку деңгээлдеги ачык сүйлөшүүлөргө эч ким жол бере алмак эмес. Эр-Рияд адаттагыдай эле Палестина көйгөйү чечилмейин Тель-Авив менен эч кандай сүйлөшүү болбой турганын айтып келген. Бирок эми бул стереотип да жок болду.

Жакында эле Нетаньяху жашыруун түрдө Сауд Аравиянын Неом шаарына барып, мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман менен жолугуп келгени айтылды. Жаңылык "дуу" эле дей түштү. Аки-чүкүсү айтылган жок, бирок сүйлөшүүдө иран таасири тууралуу талкуу жүргөнү божомолдонуп жатат.

Эр-Рияд алгач жолугушуу болгонун четке кагып туруп алды. Бирок комментарий берүүдөн баш тарткан Тель-Авивдин позициясы көпчүлүккө сүйлөшүү жүргөнүн айгинелеп койду. Мындан сырткары, жолугушуу АКШ мамлекет катчысынын Жакынкы Чыгышка жасаган турнесинен кийин болгонуна да көңүл бурулууда. Майк Помпео аймактагы мамлекеттерди элдештирип, иран кооптуулугунун олуттуулугун дагы бир ирет эскертип келген.

Өзүнөн кийин альянс калтырып кетүү

"Израиль Иран менен тикелей аскердик кагылышууга баргысы келбейт, бирок көмүскө каршылашуу болушунча жүрүп жатат. Ислам Республикасы Сириянын Израиль менен чектешкен аймагында аскерин көбөйтүүдө. Дагы бир коңшусу Ливан дээрлик Ирандын вассалы болуп эсептелет. Тегерандын газ секторуна да таасири күч, ХАМАСты каржылайт. Абай салсак, Иран Израилдин бардык чегинде аракет көрүүдө", — деди кнессеттин мурунку депутаты жана Израилдеги Герцлиц дисциплина аралык институтунун эксперти Ксения Светлова.

Байдендин тушунда да санкциялар Россияны азапка салабы?
Нетаньяхунун Сауд Аравиясына жасаган жашыруун сапарын өлкө АКШдагы бийликтин алмашуусуна байланыштырып кароодо. "АКШнын улам жаңыланган администрациясы Жакынкы Чыгышка болгон мамилесин оңдоп-түзөп турат. Нетаньяху менен бин Салман Байдендин тушунда Иранга каршы жасалчу аракеттердин координациясын кантип сактап калуу керектигин талкуулашы мүмкүн. Менимче, демократ-президент мындай байланышка каршы чыкпаса керек. Барак Обамадан бери америкалыктар аймактан чыгууга багыт алды. Өзүнөн кийин  жок дегенде иран кооптуулугуна туруштук бере алчу араб-израиль альянсты түзүп кетүү — АКШнын кызыкчылыгындагы иш", — деп кошумчалады Светлова.

Трамптын каталарын таануу

МГИМОнун Эл аралык изилдөөлөр институтунун аналитиги Адлан Маргоев Иран араб-израиль макулдашуусу тууралуу кабардар экенине ишенет. Эксперттин айтымында, Тегеран араб мамлекеттеринин мамилесинин "сионисттик режимде" жакшырышын "Палестинаны сатуу" деп баалайт. Сауд Аравиясы, БАЭ жана Бахрейндин Израиль менен болгон байланышын сынга алса да Иран бийлиги каршылашууну күчөтүүгө таптакыр кызыкдар эмес.

Маргоевдин айтымында, Тегеран АКШда бийлик алмашкандан кийин Иранга каршы кеп-сөз басаңдайт деген үмүттө. "Иран бийлиги Байденди Трамптын каталарын моюндап, СВДПны калыбына келтирүүгө чакырып жатат. Муну демократтар эксперттердин деңгээлинде талкуулай баштады, бирок иш жүзүндө баары ойлогондой оңой эмес. Ишти эмнеден баштоо керектиги да белгисиз. Мисалы, Иран санкцияларды алууну сунуштап жатат. Бирок бул учурда Тегеран СВДПнын шартын аткарып жатканын далилдеши керек. Ислам Республикасы бүгүнкү күндө өзөктүк келишим америкалыктардын чыгып кетишинен улам толук кандуу аткарылбай жатканын айтууда. Азырынча СВДПга кантип кайтуу керек деген маселе ачык бойдон турат", — деди Маргоев.

Ал Байден үчүн Трамптын Иранга каршы чечимдерин жокко чыгаруу оор болорун болжолдоодо. Кетип жаткан администрация жана анын тарапташтары буга чейинки сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарып, иран саясаты тууралуу дегеле жакшы сөз айткан эмес. Ошентсе да, эксперттин баамында, абалды аскердик каршылашууга жеткирбей калыбына келтирүү колдон келет.