Венгрия өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө суу тазалоочу жабдыктарды берди. Сүрөт

Жабдуулар темир жол аркылуу алып келинген. Алар аскердик-талаа госпиталынын дараметин кыйла жогорулатары кошумчаланды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жабдуулар темир жол аркылуу алып келинип, аны өлкөнүн коргоо ведомствосу кабыл алган.

"Венгрия эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү максатында КРдин Куралдуу күчтөрүнүн II даражадагы аскердик-талаа госпиталы үчүн мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды тартуулады. Бул жабдыктар кайтарымсыз түрдө берилди", — деп айтылат билдирмеде.

Жабдуулар аскердик-талаа госпиталынын дараметин кыйла жогорулатары кошумчаланды. Ошондой эле келечекте БУУнун тынчтык операцияларына катышуу алкагында өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.