Пресс-борбор

Президенттин учагы жаңыртылабы? Жарандык авиация агенттигинин жообу

Шаршеевдин айтымында, эгер агенттик президенттин учагын алмаштыруу боюнча расмий тапшырма алса, анда алгылыктуу сунуштарын берет.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Азыркы №1 бортту алмаштыруу боюнча расмий көрсөтмө түшө элек, бирок ага карабай, ылайыктуу учак издөө жумуштары жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн онлайн-брифингде билдирди. 

Президенттин учагы жаңыртылабы? Жарандык авиация агенттигинин жообу
Президенттин учагы жаңыртылабы? Жарандык авиация агенттигинин жообу

Анын айтымында, эгер агенттик расмий көрсөтмө алса, аны ишке ашыра алат.

"Азыркы №1 бортту алмаштыруу боюнча расмий көрсөтмө түшө элек, бирок ага карабай, ылайыктуу учак издөө жумуштары жүргүзүлгөн. Эгер расмий тапшырма бериле турган болсо, анда биз коопсуздук талаптарына туура келген алгылыктуу сунуштарды көрсөтө алабыз", — деди агенттиктин жетекчиси.

Эске салсак, Шаршеев Жарандык авиация агенттигине жетекчи болуп ноябрь айынын ортосунда келген. Бир нече жыл мурда ал аталган кызматта жетекчинин милдетин аткаруучу катары иштеп кеткен.