Пресс-борбор

КР экономикасын 2021-жылы эмне күтүп турат? ЕАБРдин сценарийи

Келерки жылы дүйнөдө суу май, кумшекер жана буудайга болгон баа ылдыйлап, инфляция 5 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. – Sputnik. Келерки жылы Кыргызстандын экономикасын эмне күтүп жатышы ыктымалдыгын Евразия өнүктүрүү банкынын мамлекеттер аралык анализ борборунун улук аналитиги Айгүл Бердигулова билдирди.

Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн Москва — Ереван — Минск — Бишкек — Нур-Султан "ЕАБР өлкөлөрүнүн 2021-жылдагы экономикасы – Кыргызстан үчүн божомол" аттуу видеокөпүрөгө катышты.

Эксперт белгилегендей, төмөндө айтыла турган божомол республикада саясий туруктуулук болгондо гана ишке ашат.

КР экономикасын 2021-жылы эмне күтүп турат? ЕАБРдин сценарийи
"Биздин божомол боюнча, Кыргызстанда саясий туруктуулук сактала турган болсо өлкө экономикасы 3,7 пайызга өсөт. Бул үчүн чет өлкөдөн которулган каражаттын агымы турукташып, кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө пунктулары толук кандуу ишке кириши керек", — деди Бердигулова.

2021-жылдын соңунда сомдун баасы кандай болот? ЕАБРдин божомолу
Аналитик быйыл сомдун куну төмөндөп кеткендиктен инфляция болгонун белгиледи.

"Дүйнө жүзүндө баалардын өсүшү өлкө ичиндеги азык-түлүктүн баасына таасир этет. Келерки жылы дүйнөдө суу май, кумшекер жана буудайга болгон баа ылдыйлап, инфляция 5 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн", — деди Бердигулова.

Анын айтымында, салык кирешелери төмөндөгөнү менен Кыргызстандагы салык-бюджеттик саясат туруктуу.

КР экономикасын 2021-жылы эмне күтүп турат? ЕАБРдин сценарийи
"Мамлекет пайда болгон боштукту жабуу үчүн жеңилдетилген насыяларды алды. Бул каражаттан 14 миллиард сомду мамлекет жеңилдетилген кредит берүүгө пайдаланды, бул — ИДПнын 2,4 пайызы. Биздин оюбузча, мындай кадам быйыл ИДПнын 0,2-0,4 пайызга колдоду", — деди ал.

Бердигулова акча-насыялык саясат салыштырмалуу туруктуу экенин белгиледи.

"Коюм 5 пайыздык деңгээлде сакталып калды. Биздин божомол боюнча, келерки жылы деле ушундай деңгээлде болот", — деп кошумчалады адис.

Бердигулова Кыргызстандын экномикасынын төмөндөшүнө себеп болгон төрт факторду атады:

  • чек аралардын жабылышы;
  • мигранттардын акча которуусунун төмөндөшү;
  • туруксуз саясий кырдаал;
  • Кумтөрдөгү алтындын көлөмүнүн азайышы.