Чүйдө жөө адамды сүзүп, качып кеткен 25 жаштагы айдоочу кармалды

Каргаша 23-ноябрь күнү болгон. Машина уруп кеткен киши алган жаракатынан ошол жерден көз жумган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Чүйдө жөө адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. 

Чүйдө жөө адамды сүзүп, качып кеткен 25 жаштагы айдоочу кармалды

Кочкордо жылкы сүзүп кырсыктаган автоунаадагы 19 жаштагы кыз каза болду
Билдирмеге караганда, окуя 23-ноябрь күнү саат 19:30дар чамасында болгон. Анда Lexus-470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Военно-Антоновка айылынан Фрунзе көчөсү менен баратып, жолдон 50-55 жаштагы кишини сүзүп качып кеткен. Жөө адам алган жараатынан кырсык болгон жерде көз жумганы маалым болду.

Бул иш боюнча Чүй ШИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуну тапкан. Шектүү Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургуну экени аныкталды. Айдоочу кырдаалды түшүндүрүү үчүн Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилсе, автоунаасы айып короого токтотулганы кошумчаланды.