Шашылыш билдирүү! Дем алыш күндөрү кар жаайт

Аптанын акыркы күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Алдыдагы дем алыш күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

"Ишемби, жекшемби күндөрү аба ырайы туруксуз болуп, маал-маалы менен кар жаайт. Келе жаткан аптанын баштапкы күндөрү бир топ сууктайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.