БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik.Ализа Солтонбекова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына расмий түрдө киришти.
Аны дайындоо жөнүндө жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Султанбекованын талапкерлиги премьер-министр тарабынан сунушталып, бүгүн парламенттен колдоо тапкан.
Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген.
Белгилей кетсек, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 27-октябрда жумуштан бошотулгандан кийин анын ордуна жаңы эле кызматын тапшырган вице-премьер Аида Исмаилова сунушталган. Бирок анын талапкерлигин ЖК депутаттары колдобой койгон.