Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев эки айга тергөө абагына камалды

Ирсалиев кол алдындагы кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылган деп шектелип, 19-ноябрда кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиевдин баш коргоо чарасын тандады.

Маалыматка ылайык, Ирсалиев УКМКнын тергөө абагына 17-январга чейин камалды. Соттун мындай чечими 20-ноябрда кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Соцфонддун төрагасын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы 19-ноябрда кармаган. Ирсалиев кол алдындагылардан мыйзамсыз акча талап кылган деп шектелүүдө. Анын алдында ушундай эле айыптоо менен Социалдык фонддун аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев да кармалган.