БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык административдик соту Өмүрбек Текебаевди Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин активист Темирлан Ормуков Текебаев мыйзамсыз түрдө мандатын кайтарып алганын айтып сотко кайрылган.
Бүгүн Административдик сот Ормуковдун өтүнүчүн канааттандырганы белгиленди. Жогорку соттон бул чечим тууралуу кенен маалымат эртең берилерин билдиришти.
Өмүрбек Текебаев "Коррупция" беренеси боюнча соттолгонунан улам ажыраган мандатын кайтарып алуу боюнча арызын берген. Буга ага карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, ишти кайра башынан кароого жөнөтүлгөнү негиз болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы саясатчынын арызын 15-октябрда канааттандырып, Текебаев кайра депутат болуп парламентке кайтып келген.