Кечээтен бери коронавирустан 6 киши көз жумду

Бир суткада 304 киши вирус жуктуруп алганы аныкталса, дарыланып жаткан 349 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутканын аралыгында алты адам коронавирустан көз жумду. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19 илдетинен каза тапкандар Бишкек менен Чүйдө экиден, Талас менен Ош облустарында бирден катталган.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан ажал тапкандардын саны 1 237 адамга жетти.

Ал эми 3 096 бейтап ооруканада дарыланып жатканы айтылат.

  • Канааттандырарлык абалда — 65 адам;
  • Орточо оор абалда — 2 064;
  • Оор абалда — 829;
  • Өтө оор абалда — 138.

Мындан сырткары, үй шартында медиктердин көзөмөлүндө 3 648 адам дарыланууда.

Ал эми бир суткада 304 киши вирус жуктуруп алганы аныкталса, дарыланып жаткан 349 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.