"Кооз" номер ээлери Кыргызстандын кайсы жеринде жашайт. Тизме

2016-жылдан бери сандардын өзгөчө айкалышы бар мамлекеттик унаа номерлерин онлайн-аукциондор аркылуу жана аукционсуз сатып алууга болот.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Сандардын өзгөчө айкалышы бар автоунаа номерлерин эң көп Бишкек шаарынын тургундары сатып алышат. Онлайн-аукциондор аркылуу жана аукционсуз сатылган "кооз" номерлердин дээрлик 50 пайызы борбор калаада катталган автонуааларга тагыларын Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

"2016-жылдын сентябрь айынан бери аталган кызматтын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы 33 617 даана мамлекеттик автоунаа номерин сатты, анын ичинен борбор калаанын "01" коду менен 15 555 даана өзгөчө номер ээсин тапкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Суроо-талап боюнча экинчи орунда Чүй облусу (коду "08") турат. Мында 4625 аукционсуз жана 128 аукцион аркылуу мамлекеттик номерлер сатылды. Үчүнчү орунду Жалал-Абад облусу ээледи, "04" аймактык коду менен "кооз" номерлердин 3 399 ээси бар.

Кыргызстанда кыз-келиндер айдоочулук күбөлүктү көп ала баштады
Рейтингде соңку орунда "05" коду менен Нарын облусу жайгашты. Сандардын өзгөчө айкалышы бар мындай код менен 766 даана автоунаа номери сатылган.

Айтса кетсек, мамлекеттик автоунаа номерлеринин жаңы стандарты 2015-жылы иштелип чыккан. Анда аймак сол жактагы өзүнчө терезеде эки орундуу сан түрүндө белгиленип, ал эми тамгалар жана сандардын үч орундуу айкалышы серияны белгилей баштады. Алар 2016-жылдын 1-июнунан тарта берилип келет.

2016-жылдын 21-сентябрында nomer.srs.kg долбоору старт алган, ал сайт аркылуу сандардын өзгөчө айкалышы бар мамлекеттик унаа номерлерин онлайн-аукциондор аркылуу жана аукционсуз сатып алууга болот.