Журналист Евробиримдиктин министрлеринин жашыруун онлайн жыйынына кирип алган

Жабык жыйынга кирип алган телеканалдын кызматкери бир нече мүнөт отурган соң кечирим сурап чыгып кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Нидерланддык RTL телекомпаниясынын журналисти Даниэль Верлаан Европа биримдигинин (ЕБ) коргоо министрлеринин Zoom аркылуу өтүп жаткан жашыруун видеоконференциясына кирип алган. Бул тууралуу Le Soir гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.

​Көпчүлүккө министрлердин деңгээлиндеги жабык жыйынга кабарчынын кантип кирип кеткени кызык болууда. Көрсө, Нидерланддын коргоо министри Анка Бейлевелд жыйынга кошулууга жол берген беш сандан турган сыр сөздү капысынан өзүнүн Twitter баракчасына жарыялап алган экен.

Медведев БУУ аянтчасындагы киберкоопсуздук боюнча келишимге чакырык жасады
Журналисттин айтымында, ал сыр сөздү жазары менен дароо жыйынга кошулган, кошумча текшерүү болгон эмес.

Ошол эле мүнөттөрдө ага Европа парламентинин өкүлү Жозеп Боррель "Сиз кимсиз?" деп суроо берген.

Журналист капысынан кирип алганын, азыр кайра эле чыгып кетерин айткан. Ал эми Боррель жабык жыйынга кирүү кылмыш экенин билдирип, "полиция келе электе чыгып кетиңиз" деп эскертүү берген.

Маалыматка караганда, бул окуядан кийин ЕБ видеоконференциялардын башкача, коопсузураак системасы керектигин ойлоно баштаганы кошумчаланды.