БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 23-ноябрдан тарта, Республикалык "СПИД" борбору Бишкек шаарынын базарларында ВИЧ, сифилис жана B,С гепатитин аныктоо боюнча акысыз анонимдик тестирлөөлөрдү өткөрө баштайт. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.
Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өткөрүлөт.
Анализ алуу саат 10:00дөн 15:00гө чейин улантылат. Кайсы күнү кайсы базарда өтөт:
- "Ош" базары — 23-24-ноябрь;
- "Аламүдүн" базары — 25-26-ноябрь;
- "Сары-Өзөн" базары — 27-28-ноябрь;
- "Мадина" базары — 29-ноябрь;
- "Дордой-Дыйкан" базары — 30-ноябрь;
- "Орто-Сай" базары— 1-декабрь.