Баткенде Бужум айылынын эли ФАПка тез жардам унаасын белек кылды. Сүрөт

Айыл эли каражат чогултуп, тез жардам унаасына ыңгайлаштырылган Mersedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаасын алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Баткен районуна караштуу Бужум айылынын эли аймактагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам унаасын белек кылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жергиликтүү тургундар каражат чогултуп, тез жардам унаасына ыңгайлаштырылган Mersedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаасын алышкан.

"Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын жашоочуларын тейлеген тез жардам унаасы капиталдык оңдоого муктаж болгондуктан, толук кандуу иш алып бара албай келет. Унаа Бужум айылынын 15 миң калкын тейлейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Бужум айылынын жаштары буга чейин облуста карантиндик чектөөлөрдө коомдук транспорттор токтогон мезгилде 30га жакын медицина кызматкерин жумушка жеткирүү үчүн транспорттук муктаждыгын чечип беришкен.

Ошондой эле саламаттык сактоо мекемелерине жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алууга көмөктөшкөн.