Netflix Кыргызстанда тартылган Болливуд боевигинин трейлерин жарыялады

Netflix сервиси Кыргызстанда 2017-жылы тартылган Индиянын Torbaaz боевигинин трейлерин сунуштады.
Sputnik

Трейлер Netflix India сервисинин YouTube каналына жарыяланган.

Тасмада жанкечтилерди даярдай турган согуш талаасынан афган балдарын куткарган бейөкмөт уюмдун кызматкери тууралуу баяндалат. Тасма 2017-жылы Бишкекте, Ош облусунда жана Токмок шаарынын аймагында тартылган. Ага Болливуд жылдыздары Санджай Датт жана Наргис Факхри менен кошо кыргызстандыктар катышкан. Гириш Малик режиссерлук кылган долбоордун бюджети 4 миллион доллар болгон.

Болливуд жылдыздары менен Бишкекте тартылган клип чыкты. Видео
Трейлерден Кыргызстандын тоолорун жана кооз жаратылышты байкоого болот. Режиссерлор Бишкектин чок ортосунда "бомба" жарышкан. Анда көрүнүп тургандай, окуя Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондон анча алыс эмес жерде болгон.

Жакында эле The Hindustan Times басылмасы Torbaaz тасмасы Индияда мыкты 17 тасманын катарына киргизилгенин, Netflix сервисинде ушул жылдын аягына чейин көрсөтүлө турганын кабарлаган. Аталган уюм бул тасманы өз платформасында көрсөтүү укугун сатып алган.

Болливуд жылдыздары катышкан боевиктин расмий премьерасы 11-декабрда болору айтылды.

Режиссерлор 4 миллион долларлык бюджети бар тасманы кантип тартканы, Афганистан айылындагы эпизодду Кыргызстанда кандайча жарата алганы тууралуу маектен окусаңыз болот