"Чаян сокку". Румыниялык футболчунун кооз голунун видеосу

Футболчу капталдан көкөлөп келген топту кулап бара жаткан абалда тээп гол киргизген. Оюн 2:0 эсебинде коноктордун пайдасына аяктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Европа футбол сезонунун эң кооз голдорунун бири Румыниянын үчүнчү дивизионунда болду. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазды.

"Чаян сокку" аталган ыкмадагы кооз голду "Штинца Мирослава" клубунун оюнчусу Роберт Габриэль Асэвоаи киргизди. Футболчунун командасы "Хушана Хуши" клубу менен конокто беттешкен. Кезектеги чабуулда капталдан көкөлөп келген топту футболчу кулап бараткан абалда тээп дарбазага киргизген.

Адаттан тыш голдун видеосун Евгений Коростелев аттуу колдонуучу өзүнүн Twitter баракчасына жарыялады. 

​"Штинца Мирослава" клубу чаян соккуга салыштырган сүрөтүн Instagram баракчасына бөлүштү. 

Кызыгы, бул гол кооз гана болуп калбастан, беттештеги жеңүүчү гол болгон. Оюн 2:0 эсебинде коноктордун пайдасына аяктаган.