БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Ватиканда бразилиялык модель Наталья Гариботтонун эротикалык сүрөтүнө Рим папасынын аккаунтунан коюлган лайктын чоо-жайы териштирилип жатат. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Аталган өлкөнүн Ыйык тактысынын маалымат кызматынын жетекчиси Маттео Бруни Instagram тармагынын тийиштүү кызматтарынын жардамы менен иликтөө жүрүп жатканын айткан.
27 жаштагы модель Гариботто Instagram баракчасына 6-октябрда кыска юбка, ак узун байпак кийип түшкөн окуучу кыздын образындагы сүрөтүн жүктөгөн. Бир жума мурун ал сүрөткө Рим папасы Францисктин аккаунтунан лайк коюлганы көрүнгөн. Бирок эртеси лайк кайра алып салынган, ага карабай сөз ээрчип, ушак кептер токтой элек.
Рим папасынын Instagram тармагындагы аккаунту @Franciscus 2015-жылы март айында ачылган. Учурда ага катталгандардын саны 7,4 миң адамды түзөт.