Кеменин үстүндөгү той. "Кызыл алма" тасмасындагы эстен кеткис ирмемдер

Sputnik

Алардын айрым тасмаларындагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги таап чыкты. Бул жолу СССРдин эл артисти Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма" кинокартинасы жөнүндө кеп кылып, андагы мыкты сүрөттөрдү сунуштайбыз.

СССРдин эл артисти, атактуу режиссёр Төлөмүш Океев 1975-жылы башка советтик киночулар сыяктуу эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына кайрылып, аңгемесинин негизинде "Кызыл алма" тасмасын тарта баштаган.

Кинофильмдин сценарийин Айтматов менен Эльга Лындина жазып, композитору украиналык Шандор Коллаш болгон.

Кино менен театрдын залкарларын чогулткан. "Көчө" тасмасындагы ирмемдер
Анда Океев жаштар менен иштешүүгө бел байлап, операторлук кызматты жаш Константин Орозалиевге, сүрөтчү кылып Жамбул Жумабаевди тандаган. Андан сырткары, жаңы эле Москвадан окуусун бүтүп келген Гүлсара Ажыбекованы башкы ролго чакырган.

Кинокартинада үй-бүлөнүн бир нече күндүк турмушу, адамдардын ортосундагы мамиле, сүйүү жөнүндө баяндалат.

Аталган тасманы жаратууга Сүймөнкул Чокморов, Алиман Жангорозова, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Арсен Умуралиев, Анара Макекадырова катышкан.

Тасма 1975-жылы Швециянын Локарно шаарындагы эл аралык кинофестивалда Ардак грамотага татып, Москвада өткөн IX эл аралык кинофестивалды ачкан. Ондогон жылдар өткөндөн кийин, 2000-жылдардын башында, Океевдин ал тасмасы Францияда абройлуу сыйлыктарды багындырган.

1 / 13
"Кызыл алманын" режиссёру Төлөмүш Океев жана кызуу иштеп жаткан киночулар
2 / 13
Белгилүү актёр, сүрөтчү Сүймөнкүл Чокморов менен айылдык келин
3 / 13
Жети жаштагы Анараны кино чөйрөсүнө аралаштырган Океев менен Чокморов
4 / 13
СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов, Анара Макекадырова менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Гүлсара Ажыбекова
5 / 13
Бульвардагы бейтааныш сулуу жана аскерден жаңы эле келген Темир
6 / 13
Белгилүү киноактриса Таттыбүбү Турсунбаева Океевдин эмгегинде ат минип роль аткарган
7 / 13
"Кызыл алмадагы" кичинекей Анара — азыр экономика илимдеринин доктору, профессор, ушу тапта Москвадагы Плеханов атындагы экономика университетинде иштейт
8 / 13
Алмалуу бакта баарлашкан кыргыз киносунун жылдыздары: Океев, Ажыбекова, Чокморов
9 / 13
Кинофильмде Чокморов башкы каарман сүрөтчү Темирдин образын жараткан
10 / 13
Бактан кызыл алманы үзүүгө аракет кылган кичинекей Анара
11 / 13
Кеменин үстүндөгү той жана андагы элди башкарган Океев
12 / 13
Башкы ролдордогу Сүймөнкул Чокморов менен Гүлсара Ажыбекова
13 / 13
Борбор калаанын ичинен сулуусун издеген жаш жигит