Пресс-борбор

Кыргызстандык мигранттарга иш табуу жеңил болгон Россиянын аймактары

Кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү Москва шаары менен Москва облусунда эмгектенишет. Адистин айтымында, бул аймакта ишке орношуу боюнча чек жок.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Россиянын кайсы аймактары кыргызстандык мигранттарга муктаж экенин Кыргызстандын Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов айтып берди. Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн "Россиядагы кыргызстандыктардын COVID пандемиясы учурундагы көйгөйлөрү" аттуу онлайн-брифингге катышты.

Кыргызстандык мигранттарга иш табуу жеңил болгон Россиянын аймактары

Бейшеновдун айтымында, кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү Москва шаары менен Москва облусунда эмгектенишет.

"Урал жана Сибирь федералдык округдарында дагы кыргызстандык мигранттарга муктаждык бар. Жакында эле Байкал округунун жетекчилери менен жолугуштук. Бул аймакта муниципалдык объектилердин курулушу жигердүү жүрүп жатат. Биз округдун жетекчисинин орун басары менен жолукканыбызда, алар кызматташууга даяр экендигин билдиришти", — деди ал.

Буга чейин Бейшенов Россияда кайсы адистер жетишпей жатканын айтып берген.