БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ИИМдин тергөө кызматына суракка чакыртылды. Бул тууралуу "Короче" Telegram-каналы маалымдап, чакыртма кагазынын сүрөтүн жарыялады.
Анда эл өкүлү күбө катары тергөөчүгө эртең, 19-ноябрда, келиши керек деп жазылган.
Акаев кайсы иш боюнча суралары азырынча белгисиз.
ИИМдин маалымат кызматы бул тууралуу документти тактап, кийинчерээк билдирүү таратарын айтты.