Талант Мамытов Россиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Мамытов Россияга саясий кризистен чыгууга көрсөткөн колдоосу, ошондой эле пандемияга байланыштуу өлкөдөгү татаал мезгилде көрсөткөн ар тараптуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 18-ноябрда, Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташуунун азыркы абалы тууралуу пикир алмашкан.

Талант Мамытов өлкөлөр ортосунда ырааттуу жүрүп жаткан авиакаттамдардын санын көбөйтүү зарылчылыгын белгилеген. 

Талант Мамытов Россиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
"Каттамга ПЧР-тестинин жыйынтыгы терс чыккан жарандар гана өткөрүлүп жатат, бул эки өлкөнүн аймагына жаңы коронавирус инфекциясынын өтүп кетүү тобокелдигин азайтат. Ошондой эле бул чаралар эпидемиологиялык коопсуздук режимин колдоого өбөлгө болуп, өлкөлөр ортосундагы толук кандуу карым-катышка жана өз ара аракеттешүүгө кайта алабыз", — деди Мамытов.

Укуругу узарган Мамытов менен Новиков жолукту. Талкууланган маселелер
Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууда жана бекемдөөдө парламенттер аралык кызматташуу өзгөчө орунду ээлей турганын белгилеген.

Николай Удовиченко өз кезегинде Россия тарап Кыргызстан менен стратегиялык жана союздаш мүнөздөгү эки тараптуу мамилелерди баалай турганын, мамлекеттердин ортосундагы интенсивдүү саясий байланыштар жана саясий диалог жүргүзүлүп турарын айткан.

Ошондой эле Россия Кыргызстандагы саясий кырдаалдын толугу менен турукташуусуна жана өз ара пайдалуу кызматташуунун мындан ары улантылышына кызыкдар экенин кошумчалаган.