Автор делген Өмүркулов: жаңы Конституцияны окуган да, кол койгон да эмесмин

Конституциянын жаңы редакциясын жазды делген 80 депутаттын арасында Өмүркулов дагы көрсөтүлгөн болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов референдум өткөрүү сунушуна гана кол койгонун, ал эми жаңы Конституция долбоорун көрбөгөнүн билдирди.

Кечээ Жогорку Кеңештин сайтына 80 депутат Конституциянын жаңы редакциясын жазып, аны кабыл алуу үчүн референдум өткөрүүнү демилгелегени жарыяланган. Алардын арасында Өмүркулов дагы көрсөтүлгөн эле.

"Мен референдум өткөрүүгө гана кол койдум. Автор катары катышкан эмесмин. Конституция долбоорун көргөн да, окуган да жокмун. Албетте, эми долбоорду окуп чыгам", — деди Өмүркулов.

Жаңы Конституцияда президенттин мөөнөтү эки тилде эки башка жазылган
Ал эми "ким кол чогултуп жүрдү" деген суроого "ал маанилүү эмес" деп жооп берди.

Ошондой эле Өмүркулов Баш мыйзамды өзгөртүү долбоорунун негизги автору ким экенин да билбей турганын айтты.

Буга чейин эл өкүлү Эмил Токтошев дагы долбоордун автору болуп калганын социалдык тармактан билгенин айтса, Айгерим Бешимбаева демилгечи топко катышпаганын белгилеген.