Гумжардам. Казакстан Кыргызстанга 400 ИВЛ аппарат, 2 млн. бет кап жөнөтөт

Казакстандын басылмасы гумжардам боюнча мындай чечим кыргыз тараптын расмий түрдө кайрылуусунан кийин кабыл алынганын белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү максатында Казакстан Кыргызстанга гумжардам жөнөтөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги премьер-министрдин маалымат кызматынын билдирмесине таянып кабарлады.

Ага ылайык, гумжардам коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен берилмекчи.

"Кыргызстанга өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын 400 мобилдик комплекти жана Казакстандын ишканаларынан чыккан эки миллион бет кап жиберилмекчи", — деп айтылат маалыматта.

Россиядан ПЦР-тест системасы алып келинди. Ал 50 миң анализ жүргүзүүгө жетет
Билдирүүдө гуманитардык жардам боюнча мындай чечим кыргыз тараптын расмий түрдө кайрылуусунан кийин кабыл алынганы белгиленген.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолуккан. Анда тараптар COVID-19дун жайылышына каршы биргеликте аракеттерди көрүүгө өзгөчө көңүл бөлүшкөн.

Эске салсак, жакында эле Кыргызстанга Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары жана медициналык каражаттардан турган жардам келип түшкөн.