Sputnik Кыргызстандын кабарчысы көчөгө чыгып кыргызстандыктардын мурдагы мамлекет башчыга болгон куттуктоосун жана каалоо-тилегин угуп келди.
Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Эмгек жолун алгач мугалимдиктен баштап, бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Ал эми 2016-жылы өкмөт башчылыкка дайындалып, 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланган. Бирок үч жылдан кийин дал ушул күнү отставкага кетүүгө мажбур болду. Буга шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл толкуп Ак үйдү басып алышы себеп болду. Учурда Жээнбеков экс-президент макамына жана тийиштүү артыкчылыктарга ээ.
Мурдагы мамлекет башчынын бир кыз, бир уулу бар. Өмүрлүк жары – Айгүл Токоева балдарын тарбиялап үйдө. Уулу мектепте окуйт, кызы Бактыгүл Жээнбекова үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.