Пакистан медиктерди окуткан Кыргызстандагы төрт ЖОЖду кара тизмеден чыгарды

Буга чейин Пакистан болочоктогу дарыгерлерди даярдаган Кыргызстандагы жогорку окуу жайларын кара тизмеге киргизген эле.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Пакистан медицина кызматкерлерин даярдап чыгарган Кыргызстандагы төрт жогорку окуу жайды кара тизмеден чыгаргандыгын Ахунбаев атындагы мамлекеттик медакадемиянын директору Индира Кудайбергенова тастыктады.

Пакистандык медициналык комиссиянын сайтында кара тизмеден чыгарылып, жашыл тизмеге киргизилген кыргызстандык төрт ЖОЖ туурасында маалымат илинип турат. Алар: Ахунбаев атындагы мамлекеттик медакадемия, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Россия славян университети жана Медицина боюнча эл аралык жогорку мектеп.

Кыргызстанда кандай дарыгерлер даярдалат? Окутуучунун маеги
Аталган окуу жайлардын берген сертификаттары Пакистандын лицензиялоо боюнча комиссиясы тарабынан таанылары кабарланган.

Мындан бир нече жума мурда Пакистан Кыргызстандын медицина адистерин даярдаган окуу жайларын кара тизмеге киргизгени маалым болгон. Өлкө мындай чечимин Кыргызстандан билим алган студенттердин 90 пайызы Пакистандын медицина кеңешинен милдеттүү түрдө каралган экзаменди тапшыра албай, дипломдору таанылбай жатканы менен түшүндүргөн эле.