Казак футболчусу Улуттар лигасында оюн талаасынын ортосунан гол киргизди. Видео

Албания — Казакстан курамалары кечээ УЕФАнын Улуттар лигасы мелдешинде кез келген. Албаниялыктар 3:1 эсебинде уткан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Казакстандык футболчу Айбол Абикен Албания командасынын дарбазасына оюн талаасынын ортосунан гол киргизди. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Kzsports голдун видеосун Instagram баракчасына жарыялады. 

Эки курама кечээ УЕФАнын Улуттар лигасы мелдешинде кез келген.

Албаниялыктар 2:0 эсебинде утуп жаткан. Казакстандык футболчулар талаанын ортосунан оюнду баштап, дарбазачы астыга чыгып кеткенин байкаган казак футболчусу Абикен ошол жерден тээп гол киргизген.

Бул гол Казакстан командасына тең чыгууну да алып келе алган эмес. Беттеш 3:1 эсебинде Албания курама командасынын пайдасына аяктаган.

Айбол Абикендин голун адистер аптанын мыкты голу болушу мүмкүн деп сыпаттап жатышат.