Радио

Маткеримов: дзюдонун адамды тарбиялоодо таасири зор

Дзюдо боюнча улуттук федерациянын аткаруучу катчысы Урматбек Маткеримов өлкөдө өткөн дзюдо боюнча ири мелдештер аталган спортко болгон кызыгууну күчөткөнүн белгиледи.
Sputnik
Маткеримов: дзюдонун адамды тарбиялоодо таасири зор

Дзюдого баланы кичинекей кезинен берсе натыйжасы жакшы болот. Себеби аталган спорт адамдын өзүн тарбиялайт. Бул тууралуу Урматбек Маткеримов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

"Улуттук дзюдо боюнча федерация жана демөөрчүлөр тарабынан дзюдо борбору салынууда. Анын курулушу аяктап ишке берилсе, аталган спортту өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр көбөйөт. Пандемияга чейин өткөргөн мелдештерибизге республика боюнча миңден ашуун спортчулар катышып жатты. Бул өлкөдө дзюдонун өнүгүүсү учурда кыйла жакшырып калганынан кабар берет. Бул спортко баланы кичинекейинен берсе, жакшы натыйжаларга жетише алат. Ошондой эле дзюдо адам өзүн-өзү физикалык, моралдык, психологиялык жактан өзүн-өзү тарбиялоосу үчүн дагы абдан жакшы натыйжаларды көрсөтөт", — деди Маткеримов.

Ошондой эле ал федерация кыздар арасында дзюдону өнүктүрүү боюнча иштер колго алынып жатканын кошумчалады.