13-ноябрда үч тараптуу макулдашууга ылайык, Тоолуу Карабахка россиялык тынчтык орнотуучулардын (15-өзүнчө мотоаткычтар бригадасынан) эки миңдик тобунун дээрлик жарымы киргизилди. Алар штаттык согуштук техника, анын ичинде Ми-24 жана Ми-8, БТР-82А сооттолгон транспортерлор, "Тигр" жана "Тайфун" сооттолгон автомобилдери менен жабдылган.
Тынчтык орнотуучу операциялар башталгандан бери Ульяновскиден Эребуни авиабазасына Ил-76 учагы 56 ирет каттап, 800 аскер кызматкери, 119 курал жана аскердик техникалар жеткирилди. Степанакертке аскердик бөлүктөрдү алып баруу уланууда, бул мейкиндик жана мезгилдик ири аскердик операциянын, Түштүк Кавказдын тарыхынын жаңы баскычынын башталышы гана.
Степанакертте жайгашкан россиялык контингенттин штабы армян жана азербайжан тарап менен биргеликте Тоолуу Карабахтагы тынчтык орнотуучу операцияларын параметрлерин тактайт.
Россия КМШ аймагындагы коопсуздукту сактоо үчүн өзгөчө жоопкерчиликти сезет, ал эми 15-мотоаткычтар бригадасы мурда КМШ, БУУ, ЕККУнун, зарыл болсо Шанхай кызматташтык уюмунун кызыкчылыгында эл аралык тынчтык жана коопсуздукту сактоо операцияларына катышуу үчүн атайын түзүлгөн. Жогорку натыйжалуулукту көрсөткөн россиялык тынчтык орнотуучулар 11-ноябрда Лачин коридорун, андан соң Тоолуу Карабахтын аймагындагы бардык чектешкен чийиндерди өз көзөмөлүнө алды.
Анын тегерегинде транзиттик транспорттун коопсуз кыймылын камсыз кылуу, жай тургундарга каршы мыйзамсыз аракеттерди бөгөттөө үчүн 10 көз салуучу пост орнотулган. "Түндүк" жана "Түштүк" жоопкерчилик аймактарында 16 көз салуучу пост түзүлгөн.
Чектешкен чийиндерде аскердик полициянын бөлүктөрү да (тынчтык орнотуучу контингенттин курамында) күзөтмөкчү. Аталган чаралар туруктуулукту бекемдөөгө, жай турмушка өтүүгө, качкындардын өз үйлөрүнө кайтышына өбөлгө болот.
Катаал күндөр
Тынчтык орнотуу операциясынын алдыдагы беш (кеминде эле) жылы кыйла күч-аракетти талап кылат. Жаңжал аймагына аскердик контингентти киргизүү – иштин жарымынчалык да эмес.
Аймакта жакынкы чыгыш согушкерлери (жалданма жана террорчулар) орун алганын эске алсак, прокси (ортомчулук) согуштардын кайталанышы да күтүлөт. Тынчтык орнотуучулардын аскердик тажрыйбасы да абдан маанилүү. Операция аймагында диверсиялык-террордук коркунучтар дайымкы даярдыкты, алдын ала ишти талап кылат. Балким "тоңдурулган жаңжалдын" жаңы конфигурациясында аймакты кысымга алгысы келгендер, россиялык тынчтык орнотуучуларды сынагысы келгендер четтен чыгар.
Түштүк Кавказдагы тынчтык орнотуучулардын мурдагы тажрыйбасы белгилеп тургандай, күзөт жана аскердик колонналардын жолуна мина коюлуп, радиобашкарылуучу фугастар төшөлүп, тоолуу аймактарда транспорттук блокада уюштурулушу мүмкүн. Оор куралданган (артиллериялар, тактикалык ракеталык комплекстер) тынчтык орнотуучулар болбосо, жоопкерчилик аймагындагы согуштук кагылыш жана жоготуулар тобокелдиги артат.
15-бригаданын аскер кызматкерлеринин ротациясы да (жылына эки ирет) өзүнчө аскердик операция катары уюштурулат. Анда ар бир бөлүк өз убактысын жана багытын билет. Азыркы реалдуулукту эске алуу менен Россия жана Түркия Азербайжанда жайгашып, Тоолуу Карабахтагы окту токтотуу режимине аралыктан көз сала турган биргелешкен борборду түзүүгө макулдашкан.
Түркиялык өнөктөштөргө жакпаса да, үч тараптуу макулдашууда Анкаранын россиялык тынчтык орнотуу операциясына катышуусу каралган эмес. Буга РФ Тышкы иштер министрлиги бир нече ирет басым жасаган. Карабахтагы кырдаалды мындан ары жөнгө салууну чет элдик күчтөрдүн кошулушу же согуштук аракеттердин кезектеги курчушу эмес, сүйлөшүү процесси кепилдейт.
Карабахта аткарылчу милдеттердин масштабы Россия Түштүк Кавказда тынчтык жана туруктуулук үчүн дагы бир ирет чоң жоопкерчиликти артынганын айгинелеп турат.