Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп жатат

Биринчи турда бир дагы талапкер 50 пайыздан көп добуш ала албагандыктан, президенттик шайлоонун экинчи туру белгиленген.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру башталганын РИА Новости билдирди.

Төрт жылдык мөөнөткө иштей турган Молдованын лидерин тандап алуу үчүн өлкө боюнча эки миңден ашуун шайлоо участкасы ачылды. Ал эми чет өлкөдө жүргөн жарандар 139 участоктон добуш беришет.

Шайлоонун жүрүшүнө эки миңден ашуун жергиликтүү жана 300 эл аралык байкоочу көз салууда.

Эскерте кетсек, 2-ноябрь күнкү шайлоодо бир дагы талапкер 50 пайыздан көп добуш ала албагандыктан, Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру белгиленген. Бул чекке азыркы президент Игорь Додон дагы жетпей калган.