Кыргыз кызы Россиядагы эң сулуу мигранттардын катарына кирди. Сүрөт

Сынакка Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Россия, Украина, Молдова, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Афганистандан 200 бийкеч катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. – Sputnik. Россиядагы мигранттардын федерациясы “РМФ сулуусу” сынагынын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды. 

Кыргыз кызы Россиядагы эң сулуу мигранттардын катарына кирди. Сүрөт

Маалыматка караганда, кыргыз кызы Камила Полотбекова көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, эң көп добуш алган. 

Ал эми эң сулуу кыз катары тажик кызы Фатима Калдарова таанылган. Ал Россияда төрөлгөн, бирок тажик элинин каада-салтын карманат жана тарыхын билет.

Вице-мисс номинациясын Тывалык Диана Бадыргы жеңген. 

Кыргыз кызы Россиядагы эң сулуу мигранттардын катарына кирди. Сүрөт

Сынакка Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Россия, Украина, Молдова, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Афганистандан 200 бийкеч катышкан. РМФ сайтынан кыздарга добуш берүү үч күнгө созулган. Натыйжада финалга Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Тыванын сулуулары чыккан.