Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арызын берди

Буга чейин президенттин милдетин аткаруучунун маалымат катчысы Жапаров президенттикке талапкерлигин койгондон кийин билдирүү жасай турганын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арызын берди. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.

Буга чейин Жапаровдун маалымат катчысы Галина Байтерек Жапаров президенттикке талапкерлигин койгондон кийин билдирүү жасай турганын айткан.

Эске салсак, мөөнөтсүз президенттик шайлоого катышуу үчүн 15-ноябрга чейин арыз жазуу керек. Учурда талапкерлердин саны 30дан ашты.

Шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.