Президенттикке талапкерлердин катарына дагы үчөө кошулду. Алардын бири Жээнбеков

Ушуну менен талапкерлердин саны 43кө жетти. Кыргызстанда президенттик шайлоонун күнү 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 14-ноябрда, президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы үч киши арызын берди. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, жеке ишкер Акжолтой Тукунов жана убактылуу жумушу жок Айбек Эркетаев аттуу жарандардан арыз келип түштү.

Ушуну менен талапкерлердин саны 43кө жетти. Буга чейин 40 талапкердин тизмеси жарыяланган.