Эне жана баланы коргоо борборунда 200 млн. сомдук жаңы корпус ачылды. Сүрөттөр

Пайдаланууга берилген корпуста операция, 8 орундуу реанимациялык блок, 40 стационардык керебет жана бөйрөктүн курч жетишсиздиги менен ооругандар үчүн үч орундуу гемодиализ бөлүмү жайгашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы эки имарат ачылды. Алар — клинико-диагностикалык блок жана органдарды трансплантациялоочу гематология бөлүмү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Анын ачылыш аземине вице-премьер Эльвира Сурабалдиева катышып, заманбап талаптарга жооп берген балдар медициналык мекеменин пайдаланууга берилиши республика үчүн маанилүү окуя болуп саналарын белгиледи.

"Жаңы корпустарды куруп берген демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. Бул мекемелер балдардын ден соолугун чыңдоо максатында жемиштүү иш алып барышын каалайбыз. Медицина кызматкерлери жогорку квалификациялуу жана тажрыйбалуу адистерден туруп, тейлөөнү мыкты деңгээлде көрсөтөрүнө ишеним артам", — деди Сурабалдиева.

Мындан тышкары, вице-премьер балдардын онкогематологиялык имаратынын курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышты.

Өкмөт: “Гансидеги” госпиталь COVID жуктурган бейтаптарды кабыл алууга даяр
Белгилей кетсек, оорукананын жаңы корпустарынын курулушу былтыр август айында башталып, толугу менен "Ас-Сафа" коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган. Анын ичинде долбоордук-сметалык документтер, медициналык жана медициналык эмес жабдуулар бар. Сарпталган каражаттын жалпы суммасы 198,8 миллион сомду түзгөн.

Органдарды трансплантациялоо менен балдардын гематология корпусунда операция, 8 орундуу реанимациялык блок, 40 стационардык керебет жана бөйрөктүн курч жетишсиздиги менен ооругандар үчүн үч орундуу гемодиализ бөлүмү жайгашкан.

Ал эми клиникалык диагностика бөлүмүндө консультативдик-диагностикалык бөлүм жана керектүү медициналык шаймандар менен жабдылган лаборатория иштейт.