БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Жашасын айылында автоунаа жардан кулап, айдоочусу көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 12-ноябрь күнү болжол менен саат 09:48де болгон. Анда Daewoo Tico үлгүсүндөгү автоунааны айдоочусу башкара албай калып, жардан кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 46 жаштагы айдоочу ошол жерден көз жумган.
Бишкек — Ош жолунда оодарылып кеткен автокөлүктүн ичинде төрт бала болгондугу айтылды.
ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн автоунаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берген.