Садыр Жапаров 14 сааттан ашык манас айткан Дөөлөт Сыдыковду кабыл алды

Жапаров манасчы Сыдыковдун чыгармачылыгы улуу кыргыз эпосун сактоого гана эмес, кыргыз элинин рухий турмушуна да баа жеткис салым экенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров күнү бою манас айткан Дөөлөт Сыдыковду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жапаров манасчы Сыдыковдун чыгармачылыгы улуу кыргыз эпосун сактоого гана эмес, кыргыз элинин рухий турмушуна да баа жеткис салым экенин белгиледи.

"Кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарынын улуу дөөлөтү — бул "Манас" эпосу. Кыйын мезгилдерде Манастын образы манасчылык өнөр аркылуу кыргыз элине күч-кубат берет. Азыр ар бир адамдын мамлекеттин өнүгүүсү боюнча өзүнүн позициясы жана көз карашы, дүйнө таанымы бар, бирок Манаска келгенде баарыбыз бирбиз. Сиз жаңы рекордду гана жаратпастан, элди биримдикке чакырдыңыз", — деди Садыр Жапаров.

Адистер манасчы Дөөлөт Сыдыковдун феноменин изилдөө үчүн канынан анализ алды
Баарлашууда манасчы чыгармачылык чөйрөдө кездешкен тоскоолдуктар тууралуу айтып берди. Пикирлерди уккан соң, премьер-министр өкмөт салттуу чыгармачылыкты өнүктүрүүнү аркалап жүргөн инсандардын көйгөйлөрүн чечип берүүгө болгон күч-аракетин жумшаарына ишендирип кетти.

Жолугушуунун соңунда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыковго баалуу белектерди тапшырып, ийгиликтерди каалады.