Кызуу машыгууларды өткөрүп, эл аралык спорттук мелдештерде өлкөнүн атынан жеңишке жетким келет. Мындай кыялын Дастан Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстандык триатлет үйүндө 5 саат чуркап, медиктерге жарым миллион чогултту
Анын айтымында, учурда машыктыруучусу жана ыктыярчылар менен паратриатлон боюнча мелдештерге даярданып жатат.
"Мени спортко Жалалдин Абдувалиев агайым алып келген. Негизи буга чейин спортко келем деп ойлогон эмесмин. Себеби көзү азиздердин спорт менен алектенүүсү мен үчүн мүмкүн эместей сезилген. Көрсө, аракет кылса ар бир адамдын колунан келет экен. Мен машыккан спорттун аты – паратриатлон. Ал өзүнө спорттун үч түрүн камтыйт: сууда сүзүү, велосипед тебүү жана чуркоо. Мындан мен тактыкка үйрөндүм. Ар бир ишти убагында аткарууну жана кечикпөөнү спорттон алдым. Мындан тышкары, сергек жашоого үйрөтөт. Буга чейин ой басып, башкача сезимдер болчу. Сууда сүзүүдө машыгуу жалгыз өтөт. Агайымдын берген тапшырмаларын туура аткарганга аракет кылам. Ал эми велосипед тепкенде, чуркаганда жандап жүргөн ыктыярчылар болот. Бирок көп учурда машыктыруучу менен убакыт өткөрөм", — деди Дастан Камчыбеков
Ошондой эле спортчу сыбызгы чертип, музыкага да жакын экендигин кошумчалады.