COVID-19: Бишкектеги 11 ооруканада 83 бош орун бар

Өткөн суткаларга салыштырмалуу ооруканаларда бош орундардын саны азая түшкөн. Белгилей кетсек, коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө өсүүдө. Кечээтен бери КРде 567 адамдан COVID табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

13-ноябрь саат 10:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 11 ооруканада 83 бош орун бар.

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 1;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 3;
  • Улуттук хирургия борбору — 2;
  • Улуттук госпиталь — 7;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 4;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 7;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 10;
  • Темир жол ооруканасы — 2;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 23;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 13;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 13.

Коронавирус жуктурган медиктердин саны кескин көбөйүп кетти. Статистика

Белгилей кетсек, кечээтен бери өлкөдө 567 кишиден коронавирус табылып, жалпы жуктургандардын саны 65 454кө жетти. Анын ичинен 56 307 бейтап айыкса, 1 195 адам ооруну жеңе албай көз жумду.