Суук түшкөнчө үйдү жылуулоо менен кышта жагыла турган отундун 50 пайызын үнөмдөп калса болот. Бул тууралуу Салават Соронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Бишкек жылуулук энерго" ишканасына карыз болгондордун тизмеси чыкты
Анын айтымында, сапаттуу үйдү жылуулоочу материалдарды колдонуу менен узак мөөнөткө даярдык көрсө болот.
"Мисалы, сиз кандай гана меш колдонбоңуз эгер үйдүн дубалы, терезеси, чатыры жылууланбаган болсо, меш алмаштыруудан натыйжа чыкпайт. Себеби үйдүн ичиндеги жылуулук сакталбайт. Андыктан үйдү термостун системасына алып келүү керек. Эгерде бөлмөнү туура жылуулап алып, мешти үйдүн көлөмүнө, аянтына жараша коюп алсаңыз бир чака көмүр менен бир күнгө жылытып алуу мүмкүнчүлүгү болот", — деди Салават Соронбаев.
Ошондой эле адис бөлмө туура эмес же таптакыр жылууланбаган учурда чатыр аркылуу жылуулуктун 30, дубалдардан 35 жана полдон 20 пайызы сыртка чыгып кетерин кошумчалады.