Sputnik Кыргызстан агенттиги комузчу, бир нече күүнүн автору Нурзат Орозалиева тууралуу фактыларды даярдаган.
Эркек балдар менен күрөшүп. Нурзат Орозалиева 1975-жылдын 27-октябрында Ат-Башы районунда туулган. Алгач Калинин айылындагы орто мектептен 3-класска чейин билим алат. Кийин Караколдогу музыкалык мектепте окуган. Кичинекейинен эле комузга жакын болгондуктан бир көчөдө жашаган аталаш тууганы, акын жана публицист Олжобай Шакир экөө бири комузда, экинчиси аккордеондо ойноп, далай ирет өнөрүн арттырган жайы бар.
Ал 10 бир туугандын эң кичүүсү болгон. Нурзат кичинесинде эркек балдар менен ойноп, ал тургай кадимкидей күрөшө да кеткен адаты болгондугун жакындары айтып берди. Өспүрүм кезинде бир тууган эжеси анын талантын байкап, Караколдогу музыкалык мектепке киргизген. Таң калычтуусу, чебер комузчунун ата-энеси чыгармачылыктан алыс адамдар болгон. Бирок чоң аталарынан мыкты комузчулар чыкканы айтылат.
Устатынын ичин ачыштырып... Нурзатты 1992-жылы 17 жашында азыркынын залкары Самара Токтакуновага шакирт кылып апасы алып келип тапшырат.
"Апасы үйүмө алып келгенде ага комуз черттирип көрүп, таланттуу зирек кыз экенин дароо эле байкадым. Ошол убакта Бишкектеги консерваторияда мугалим болуп иштеп калгам, менин классымда окуду. Өмүрүнүн акырына чейин шакиртим болуп жүрдү. Байкуш алтын кызым, адегенде барбалактаган, эркек мүнөз болчу. Кийин бир калыпка түштү. Билимимди да, тарбиямды да бердим. Комуз, күү өнөрү тууралуу түшүндүрүп жатканда жарым сөздөн эле илип алып, дароо чертип кетчү. Чыгармачылык кечесинде экөөбүз залкар күүлөрдөн алым-сабак ойнодук эле. Ушул кыздын келечегинен көп нерсе үмүт кылгам. Ичим ачышат", — деди Токтакунова.
Нурзат Орозалиева кыргыз элине таандык бир катар залкар күүлөрдү да ийине жеткире аткарып кеткен.
Аялдардын ичинен биринчилерден болуп күү чыгарган. Адистер Нурзат Орозалиеванын аялдар арасындагы күү чыгарган өнөрүнө өзгөчө басым жасап, баа беришкен. Негизинен аялзатынан мындай таланттар жокко эсе. Ал комузду оң колдо да, сол колдо да мыкты черте билип, жогорку техникалык чеберчиликти пайдаланган. Күйөрмандары "комузга жан киргизгендей касиети бар" деп баалашкан. Бирде терип, бирде кагып чертип, комуз дүйнөсүнүн ичине көшүлө кирип кетчү дешет. Кай бирде телмирген угарманын чочута, күүнүн ортосунда бир сүрөп кыйкырып алмайы да бар эле. Көзү тирүүсүндө "Нарын дайра", "Сезимдеги толгоо", "Жаш тилек", "Боз салкын" өңдүү мыкты күүлөргө өмүр тартуулаган.
Курбусун катуу тамашалап. Саясий ишмер, мурдагы судья Клара Сооронкулова менен Нурзат Орозалиева жакын курбулардан болушкан. Клара айымдын айтымында, экөөнүн бир кызык окуясы да бар.
"Нурзат өзү аябай тамашакөй адам болчу. Бир жолу бир айдан кийин турмушка чыгарын айтып, тойго чакырып калды. Айтылган күнү Нурзаттын тоюна белгилүү адамдар, ырчылар келет деген тейде атайын дүкөнгө барып кымбат көйнөк алдым. Жасанып, белегимди көтөрүп алып тойканага келсем эле эч ким жок. Күтүп отуруп, Нурзатка чалсам "ии, Каке, бүгүн той болбой калды. Анын да себеби бар. Бир окуя болуп кетти эле" деп кечирим сурап койду. Мен дароо эле олуттуу нерсе болгон го деп ойлосом, көрсө "той болот" деп тамашалап коюптур да (күлүп). Бирок "кыргыз деген тойго олуттуу карайт да, даярданып алып келет" деп аябай таарынгам. Көпкө чейин менин көңүлүмдү жаза албай жүрдү", — деп эскерди Клара айым.
Нурзат Орозалиева аяш атасы Сыргак Сооронкуловдун сөзүнө жазылган ырга обон да чыгарып ырдап жүргөн.
Шакирттиктен устатка өтүп. Өмүрүнүн акыркы жылдары Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында мугалим болуп иштеп турган. Андан тышкары, салттуу музыка жана элдик аспаптар бөлүмүнүн деканы болуп эмгектенген. Орозалиеванын да комузда кол ойноткон шакирттери бар. 2007-жылы кыздардан турган "Сезим" комузчулар ансамблин түзгөн. Ошондой эле ЭлТР каналында "Чак түш" маданий программасынын алып баруучусу эле.
Анын айтыш өнөрүнө да жөндөмү болгон. Бирок оорудан улам бул жагына жетишерлик көңүл бурулбай, дарамети толук ачылбай калган.
Сыйлыктары. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин жана 2018-жылы мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун колунан Ардак грамота алган.
Рак илдети жана Нурзаттын кайраттуулугу. Орозалиева залалдуу ооруга 2013-жылы кабылган. Көкүрөгүнөн дарыланып, операция болгондон кийин сакайып кеткен. Беш жылдан кийин, тагыраагы, 2018-жылы рак илдети кайра пайда болот. Комузчу бул оору менен дарыланып, убагында Алматыга чейин барып жүргөн. Бир тууган агасы Жыргалбай Орозалиевдин айтымында, кийинкисинде операциядан такыр баш тартып коёт.
"Бишкекте бир табып "операциясы жок эле айыгасың, мен дарылайм" деп Нурзатты абдан ишендирип салган экен. Биз жакшы эле айныттык. Бир туугандар аябай аракет кылдык, бирок операцияга макул болбой койду. Өзүнүн өжөр мүнөзү да бар эле", — деди агасы муңайып.
Ал эми устаты Самара Токтакуновага айыкпас дартка чалдыкканы тууралуу ооз ачкан эмес.
"Өзү тамашакөй, ичинде тырмактай да кири жок кыз эле. Ооруп жүргөнүн билчүмүн, бирок залалдуу дарт экенин айткан эмес. Бир жолу тамашалап "эже, ушу мен өлүп калат окшойм" деген. "Антип айтпай жүр, ушинтип да сүйлөйсүңбү" деп жаман көрүп урушуп койгом", — деди улутуна Токтакунова.
Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүндө борбордон туулган айылына кеткиси келгенин айткан экен. 2019-жылы 10-ноябрда Нурзат Орозалиева 44 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Артында 12 жаштагы Сезим аттуу кызы калды.