Садыр Жапаров 12-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрөт

Буга чейин Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катышуу үчүн өлкө башчысынын ыйгарым укуктарын 14-ноябрга чейин өткөрүп берерин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бейшемби, 12-ноябрь күнү, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу маалыматты анын катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

“Муну жыйынтыктоочу маалымат жыйын деп койсок болот. Анткени Садыр Нургожоевич журналисттердин бардык суроолоруна жооп берип, көңүлү ток кеткиси (шайлоого — ред.) келип жатат”, — деди Байтерек.

Буга чейин Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катышуу үчүн өлкө башчысынын ыйгарым укуктарын 14-ноябрга чейин өткөрүп берерин айткан.