Түркияда дарыланууга муктаж кыргызстандыктарга жардамдашабыз. Ишкер Лиранын маеги

Акыркы кезде чет мамлекеттен оор операция жасатууга муктаж болгон кыргызстандыктар арбып баратат. Дарылоо акысы кымбат болгондуктан андай бейтаптардын көбү акчалай жардам суроого муктаж болууда.
Sputnik

Лира Жолчиева Түркияда медициналык туризм боюнча компания негиздеп, жардамга муктаж кыргызстандыктарга көмөктөшүп, бөтөн жерде дарыланууда жол көрсөтүп келген кыргызстандыктардын бири.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 32 жаштагы Лира Жолчиева менен байланышып, ал түзгөн компаниянын мекендештерге көмөгү жана медицина жаатында баарлашты.

— Алгач өзүңүз тууралуу айтсаңыз?

— Жалал-Абаддагы кыргыз-түрк лицейин аяктап, кийин мугалимдеримдин кеңеши менен "Манас" университетинин түркология факультетине тапшырдым. Менин жашоомдо жогорку окуу жай абдан чоң роль ойноду. Университеттен мыкты окумуштуу, профессорлордон билим алып, ар кыл өлкөдөн келген ар башка улуттагы жаштар менен бир тайпада окудук. Таш бетиндеги түрк элдерине тийиштүү байыркы руникалык жазууларды окуп, казак, уйгур, өзбек, башкыр, татар жана улуу Осмон империясынын убагындагы түрк тилдерин изилдедик. Менин өнүгүү, сырткы дүйнөдөгү жашоомо жол ачкан кыргыз-түрк лицейи болду.

Түркияда дарыланууга муктаж кыргызстандыктарга жардамдашабыз. Ишкер Лиранын маеги

– Түркияга кандайча барып калдыңыз?

– Башынан эле өзүм башкарганды жактыргандыктан бизнес жасоого кызыгуум күч болчу. Сочиге жеке иштерим менен бара жатып Стамбул аркылуу учканбыз. Арадан сегиз саат тыныгуу бар эле. Ошондо убакытты текке кетирбей, аэропорттон жалгыз чыгып, метрого алгач ирет отуруп кыргыз-түрк "Достук" коомуна келгем. Ал жактагылар жылуу тосуп алышып, бир аз болсо да шаар менен таанышкам. Ошондо "Стамбул, мен сага бир күнү сөзсүз кайтып келем", – деп өзүмө сөз берген элем.

2013-жылы бизнес ачуу максатында "Жаш ишкерлер ассоциациясы" менен биргеликте Түркияга он күндүк бизнес саякатка келип кеткем. Ошондо келем деп кеткен Стамбул менен жакындан таанышып, Европа жана Азияны бириктирип турган Босфор көпүрөсүн көрүп, кемеге түшүп Босфор кысыгын айланганбыз. Ишкерлер менен жемиштүү бизнес-саякат жасадык. Ишкерлик тууралуу абдан керектүү маалыматтарды алып кеткем. Биздин делегациянын ичинде белгилүү "Супара" комплексинин азыркы жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаева эже да бар болчу. Эң кызыгы, делегациянын уюштуруу иштеринде катачылыктар болуп, эже экөөбүз мейманканада бир номерде түнөгөнбүз. Бат эле тил табышып, кызыктуу маектешип отурдук. Ал мага басып өткөн жолун, Табылды Эгембердиевдей улуу инсан менен кандайча таанышканын, бизнеске болгон кызыгуусун, жаңы идеяларын айтып берген. Ошондо ошол түн бүтпөсө экен деп отургам, себеби ал адам мага абдан күчтүү мотивация берген.

Нью-Йорктогу медайым Нуркыз: моргдо орун жок, эки контейнер да өлүккө толуп калды

— Кийин бизнес жасоо үчүн бардыңызбы?

— 2014-жылы дипломумду колго алып, Түркияда иштөөнү туура көрдүм. Алгач балдарга англис тилин үйрөтүп иштедим. Бул аралыкта түрктөрдүн маданиятын, тилин-дилин жакындан таанып, эл-жер кыдырып, саякаттап жүрдүм. Эгей деңизинин жээгин бойлой көп шаарларда болдум. Измир шаары өтө жакты. 2017-жылы ири холдингдердин биринин эл аралык мамилелер департаментинде бир жылдай иштеп көрдүм. Ишкерлик баары бир оюмдан кетпей койду. Ошентип, 2018-жылы "Фейшн Лили Стамбул" деген бренд менен Кыргызстанда кийимдерди сата баштадым. Бир топ белгилүү инсандар менен иштешип, аларга стилистик-байер кызматын көрсөттүм. Стамбулдун көптөгөн белгилүү дизайнерлери менен таанышып, алардын мода көргөзмөлөрүнө катышып жүрдүм. Андан кийин көп кыргызстандыктарды Түркиянын медицинасы кызыктырарын жана ага муктаждык чоң экенин байкадым.

Түркияда дарыланууга муктаж кыргызстандыктарга жардамдашабыз. Ишкер Лиранын маеги

— Ошондон кийин медицина жаатында иштөө чечимин кабыл алдыңызбы?

— Ооба. Негизинен кичинемден эле дарыгер болууну каалачумун.

— Сиз түзгөн "Компас" компаниясы Кыргызстандан ооруп барган бейтаптарга кандай кызмат көрсөтөт?

— Компаниянын ачылганына эки жылдын жүзү болду. Аны түптөөгө бир жагынан Кыргызстандын медицинасынын чабалдыгы жана ар кандай ооруга чалдыккан бейтаптардын көптүгү, алардын чет элдик клиникалардын жардамына муктаж болуп жатканы себеп болду. Учурда компаниябыздын расмий кызматташкан 45ке жакын клиникалары бар. Ушуга чейин ооруган көп эле мекендешибизге жардам бердик. Кыргызстандан абдан оор акыбалдагы адамдар жардам сурап кайрылышат. Биз аларга сапаттуу жана арзан баада дарылай турган ооруканаларды таап, сүйлөшүп беребиз. Котормочулук жагынан да жардамдашабыз. Бул үчүн биз бейтаптан акы албайбыз. Бардыгы бекер. Биздин компания Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин астындагы чет элдик бейтаптар менен иштөө департаментинин жалгыз расмий өкүлү болуп эсептелинет. Башка компаниялар өз мамлекетинде туруп эле келишим түзүп, бейтапты жөнөтүп коюшат. Биз кыргызстандык бейтапты Түркияга келгенде тосуп алып, бөлөк эл, бөтөн жерде жалгыз калтырбай жардам берип коштоп жүрөбүз. Анын укугун коргоп, көйгөйлөрүн чечип, дарылануу баасын арзандатып сүйлөшүп бергенге аракеттенебиз.

Өзүн атып алган кызга донордун жүзүн салып... Кыргызстандык хирургдун баяны

Түркияда дарыланууга муктаж кыргызстандыктарга жардамдашабыз. Ишкер Лиранын маеги

— Мында компаниянын кандай финансылык кызыкчылыгы бар?

— Кызыкчылыгыбыз клиникалар менен байланыштуу. Алар ар бир бейтап үчүн бизге бонус төлөп берет. Пандемия учурунда да Түркиянын алдыңкы дарыгерлери менен түз эфирлерди уюштуруп, пульмонологдордун жана инфекционисттердин жаңы делген дарылоо ыкмаларын айтып берип жаттык. Пандемия ар бир мамлекеттин медицинасынын акыбалын көрсөтүп койду. Анын ичинде Кыргызстандагы ооруканалар менен бирге дарыгерлердин жетишсиздигинин, саламаттыкты сактоо тармагынын чабалдыгы сезилип калды. Түркияда башка мамлекеттерге караганда пандемия учурунда адам өлүмү аз болду.

— Чет мамлекетте дарыланууга муктаж бейтаптардын арасында алданып калгандары кезигеби?

— Бейтаптардын арасында башка туура эмес адамдарга же жакшы эмес компанияга туш болуп алданып калгандар бар. Натыйжада доктурга көрүнө албай же акчасын ала албай калган учурлар көп болот.

— Кыргызстандыктар кайсы оорулар менен көп кайрылууда?

— Кыргызстандагы статистикага таянсак, акыркы он жылда боордун циррозу, бөйрөк оорулары кескин түрдө көбөйдү. Тилекке каршы, Бишкекте бөйрөктү же боорду алмаштыруу операциялары жасалбагандыктан ооруга чалдыккандар чет мамлекеттин медицинасына кайрылууга муктаж. Көбүнчө неврологиялык, нейрохирургиялык, гематология жана онкологиялык ооруларга чалдыккандар келүүдө.

Түркияда дарыланууга муктаж кыргызстандыктарга жардамдашабыз. Ишкер Лиранын маеги

— Эмне үчүн ооруга шыпаа издегендер Түркияга көп барышууда?

— Түркиянын өндүрүшү кандай алдыга кетсе, медицинасы да ошондой жакшы өнүккөн. Акыркы он жылда эле бул тармак дүйнөлүк деңгээлге чыгып, эң алдыңкы беш өлкөнүн катарына кошулду. Ошондой эле Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы убакта медицинаны өнүктүрүүгө 30 миллиард доллар жумшаганын айтты. Ал эми докторлорго Америка жана Европада тажрыйба алмашуу боюнча мамлекет тарабынан тынымсыз финансылык колдоо көрсөтүлүп келет. Израиль жана Германияга салыштырмалуу 30-40 пайыз арзан жана сапаттуу медициналык тейлөө жүргүзүлүүдө. Ар бир адамдын дарылануусу боюнча протокол даярдалат. Түркияга Европадан, Россиядан, Азиядан, Араб өлкөлөрүнөн шыпаа издеп келгендер көп. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган "биз эмне үчүн медицинаны өнүктүрүүгө көп каражат жумшап жатабыз? Себеби келечекте Түркияны дүйнөлүк медицина борборуна айлантабыз" — деп айткан. Ушундай максаттары бар.

— Бирок дарыланууга кызмат көрсөтүүнүн баалары биздин мекендештер үчүн кымбат болуп калганы да көйгөй болууда. Анткени акчалай жардам сурагандар ого эле көп...

— Албетте, менчик клиникалар кымбат болсо, мамлекеттик ооруканалары арзаныраак келет. Биздин компания Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы расмий өкүл болгондуктан мекендештерге мамлекеттик клиникалардан арзаныраак дарылоо шарттарын караштырып беребиз. Операция да ар түрдүү болот. Мисалы, кулагы укпаган балдарга кохлеардык имплантты орнотуу операциясын алсак, аппарат Германиядан келет. Имплант аппараты 11 миң доллардан 25 миң долларга чейин болот. Андан кийин ага операциянын, дарыгердин, клиниканын акысы кошулат. Операциялардын эң оору — боорду трансформациялоо. Ал 11 саат, кээде 18 саатка чейин созулат. Ошондой эле өтө кымбат дарылар колдонулгандыктан бул операциянын баасы да кымбат турат.