Аттан кулап, улакты тырыша кармаган оюнчулар. Көк бөрү финалынан сүрөттөр

Sputnik

Бул жолку оюнда "Ынтымак" командасы үстөмдүк кылып, улакты атаандашынын тай казанына үстөккө-босток ыргытып жатты. Ал эми "Достук" катуу каршылык көрсөтө алган жок. Буга командасындагы мыкты улакчылар Манас Ниязов менен Таши Майлибашевдин жоктугу таасир этти көрүнөт.

"Ынтымак" "Достуктун" айласын кетирип утуп алды. Урунттуу учурлар видеодо

Жыйынтыгында "Ынтымак" командасы чоң айырма менен 9:2 эсебинде жеңишке жетип, президенттин кубогуна ээ болушту.

Оюнду Sputnik Кыргызстан түз эфирден чагылдырды, аны толугу менен бул жактан көрө аласыздар.

Бүгүнкү көк бөрү быйылкы сезондун биринчи жана акыркы мелдеши болуп калды. Себеби карантиндик чектөөлөрдөн улам жыл башынан бери бир дагы оюн өткөн эмес.

1 / 15
Жогорку лиганын финалында "Ынтымак" менен "Достук" командалары күч сынашты
2 / 15
"Достуктун" оюнчусу Эрсултан Айдархан уулу командасын алгачкы салым менен камсыздап берди
3 / 15
Айыгышкан беттеште улакчылар жанын аябай ойногондуктан аттан кулаган учурлар көп эле болуп жатты
4 / 15
Оюндун кызыгына батып калган "Ынтымактын" көкбөрүчүсү аттан түшсө да улакты коё бергиси келбей тырышып турган чагы
5 / 15
"Ынтымак" командасынын оюнчулары көк түстөгү, "Достуктун" улакчылары кызыл түстөгү форма кийип чыкты
6 / 15
Султан Русланов улакты такымга басып алып, ыңгайы келсе эле атаандашынын тай казанына ыргытып ийүүгө даяр турат
7 / 15
Чабуулчу Нуржан Мелисбек уулу бүгүн көп салым жасады. Аягында "Мыкты оюнчу" наамына ээ болду
8 / 15
Бул жолкусунда "Ынтымак" командасы оюн талаасында үстөмдүк кылып, ал эми "Достук" катуу каршылык көрсөтө алган жок
9 / 15
Нооруз Раатбек уулу "Аватар" аргымагы менен чаң ызгытып келип улакты тай казанга ыргытууга жетишти
10 / 15
Бүгүнкү көк бөрү быйылкы сезондун биринчи жана акыркы мелдеши болуп калды. Себеби карантиндик чектөөлөрдөн улам жыл башынан бери бир дагы оюн өткөн эмес.
11 / 15
"Ынтымактын" капитаны Жолдошбек Орозбаев Нуржан Мелисбек уулу ыргытып жаткан улакты чыдамсыздык менен күтүп тынчсызданууда
12 / 15
Жыйынтыгында "Ынтымак" командасы чоң айырма менен 9:2 эсебинде жеңишке жетип, президенттин кубогуна ээ болду
13 / 15
"Достук" командасынын мыкты оюнчулары Манас Ниязов менен Таши Майлибашевдин жоктугу билинип калды. Алар жаңыдан түзүлгөн "Ала-Тоо" командасында ойношкон.
14 / 15
Баш байгеге 500 миң, экинчи орунга 250 миң, үчүнчү орунга 120 миң сом ыйгарылды
15 / 15
Ушуну менен көк бөрү оюндарынын быйылкы сезону аяктады.