Алды 35 миң сомдон илип кетти. Чолпон-Атада ат чабыш боюнча мелдеш аяктады

Ысык-Көлдөгү ат оюндарынын алкагында кунан чабыш, жорго салыш жана аламан байге мелдештери болгон. Алдыңкы төрт орунду ээлегендер акчалай сыйлык алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат оюндарынын алкагында ат чабыш мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Ага ылайык, ат чабыш боюнча турнир бир нече бөлүк менен өткөн.

Анын ичинен кунан чабышка 17 киши катышып, төртөө алдыңкы орунга ээ болгон.

  • 1-орун — Байкол-Шайка, ээси Намир Абдылдаев, машыктыруучусу Саид, байгеси 30 миң сом;
  • 2-орун — Агат (Апогей-Ариет), ээси Данияр Шабданов, машыктыруучусу Адилет Чоноев, байгеси 18 миң сом;
  • 3-орун — Карлыгач, ээси Жыргал Саматов, машыктыруучусу Эдил Дүрбөлөң уулу, байгеси 13 миң сом;
  • 4-орун — Байтору, ээси "Кеңешбек-Ата" асыл тукум жылкы фермасы, машыктыруучусу Изат, байгеси 9 000 сом.

Жорго салышка 13 киши катышкан:

  • 1-орун — Гариславна, ээси Турсунбек Адамалиев, машыктыруучусу Жылдыз Туратбекова, байгеси 30 миң сом;
  • 2-орун — Чемберлен (Бюстердано), ээси Мамбет Кажиев, машыктыруучусу Чубак Жайлообеков, байгеси 18 миң сом;
  • 3-орун — Бурадар (Борон- Койкол), ээси Эльдияр, машыктыруучусу Жанат Баатырбеков, байгеси 13 000 миң сом;
  • 4-орун — Побед (Патрон-Мачо), ээси жана машыктыруучусу Камчыбек Ургазиев, байге 9 000 сом.

"Ынтымак" командасы "Достукту" караандатпай утуп, президенттин кубогуна ээ болду

Аламан байгеге 12 киши катышты:

  • 1-орун — Көкбайтал (Серперсий), ээси Турсуналы Мамбетаитов, машыктыруучусу Керим Өмүралиев, байге 35 миң сом;
  • 2-орун — Барон, ээси Канат Дөөлөтбеков, машыктыруучусу Айбек Сатыбалдиев, байге 20 миң сом;
  • 3-орун — Жылдыз, ээси Нурдин Абдразаков, машыктыруучусу Эрлан Кубанычбеков, байгеси 18 миң сом;
  • 4-орун — Баяна (Онепич-Зайчик), ээси Салдатбек Раималиев, машыктыруучусу Белек Абдрахманов, байге 12 миң сом.

Мындан тышкары, жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлери Спорт агенттигине караштуу спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын атынан дипломдор, медалдар жана кубоктор менен сыйланган.