Адвокаттык лицензия алуу үчүн экзамен тапшырган 27 юристтин 16сы кулап калды

Адвокаттык ишмердүүлүк маселелери боюнча квалификациялык комиссия экзаменге катышууга 35 талапкерге уруксат берген.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүүгө лицензия алуу үчүн экзамен тапшырган 27 юристтин 16сы өтпөй калды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, министрликтин алдындагы Адвокаттык ишмердүүлүк маселелери боюнча квалификациялык комиссия экзаменге катышууга 35 талапкерге уруксат берген. Анын ичинен 27 талапкер сынакка катышууга келген.

Кубат Болотканов КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгында 11 талапкер ийгиликтүү тапшырганы айтылат.

Экзаменден өткөн юристтер:

  • Абдыкайымов Байсарбек Абдыкайымович;
  • Байчаев Туратбек Дунганович;
  • Бостонов Нурдин Гүлжигитович;
  • Илиясов Санжар Эркинбекович;
  • Именов Нурсезим Ызабаевич;
  • Ирлан уулу Алманбет;
  • Исаев Ырысбек Оморбекович;
  • Камилжанов Фарход Исраилжанович;
  • Петрова Ольга Евгеньевна;
  • Сартова Жаңылмырза Абакировна;
  • Сатыбалдиева Каныкей Темирбаевна.